Аксы районунда окуучусу сабалган мектептин директору кызматынан алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Аксы районундагы №5 орто мектептин 9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын окуучусун сабаган. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда ал окуусун ошол мектепте улантууда. Окуядан кийин мектептин социалдык педагогу жумуштан алынган. Директору Кененбай Шабданов өзүнүн иш милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду» деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодо топтошкон окуучулар бир баланы тепкилеп уруп жатканы көрсөтүлгөн. Окуяны таасирдүү адамдар кийлигишип, жаап салганы да белгиленген.

Булак: Элгезит