Алардын ар биринде жүздөгөн, миллиондогон кишилер каза тапкан.

11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаган. Уюмдун маалыматына караганда, пандемия — бул жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөнүн, континенттин калкына массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Пандемия качан жарыяланат?
Жаңы пайда болгон вирус дүйнөгө жайылып, көпчүлүк адамдардын ага карата иммунитети жок. Адистердин айтымында, пандемия түшүнүгү жугуштуу ооруларга гана колдонулат жана илдеттин жайылышынын масштабын көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Тагыраагы, бул оорудан өлгөндөрдүн санынын эмес, жайылыш масштабынын көрсөткүчү катары колдонулат.

Эпидемиядан эмнеси менен айырмаланат?
Эпидемия — бир гана өлкөдө оорунун активдүү тарашы. Мисалы, элдин беш пайыздан көбү бир илдетке кабылган учурда эпидемия жарыяланат. Ал эми пандемия континенттеги бардык өлкөлөргө же дүйнө жүзүнө жайыла баштаган учурда жар салынат.

Мамлекет көрчү чаралар
Москва физика-техникалык институтунун геномдук инженерия лабораториясынын жетекчиси Павел Волчковдун айтуусуна караганда, пандемия жарыялоо — бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн өзүн колго алып, сактануу чараларын күчөтүүгө чакырык.

«Пандемия десе эле өтө кооптуу нерсе деп түшүнбөшүбүз керек. Аны көбүнчө вирус жок өлкөлөр күтүп отура бербей, коргонуу чараларын күчөтүп, барлары эпидемияны ошол деңгээлде токтотуп калсын деген максатта жарыяланат. Адатта бул кадамга вируска вакцина табыла элек учурда барышат», — деп түшүндүрдү адис.

Ал кошумчалагандай, мындай учурда карантиндик иш-чаралар, чек ара маселелери боюнча ар бир өлкө өз алдынча чечим кабыл алат.

Акыркы пандемия
Буга чейинки акыркы пандемия 2009–2010-жылдары H1N1 вирусу (чочко тумоосу) тараганда жарыяланган. Анда вирус дүйнө калкынын 30 пайызына жуккан. Тагыраагы, 214 өлкөдө жайылып, 18 миңден ашуун киши көз жумган.

COVID-19
2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташкан.

Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарады. Учурда жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Алардын ичинен 4638 киши каза болуп, 68 284ү сакайды.

11-март күнү кечке жуук Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

Булак: Sputnik Кыргызстан