- Сабыр байке, жаздын башы менен коом активдешип, митингдер башталды. Маектин алдында кыскача, 2-марттагы митинг, 8-марттагы жүрүш тууралуу ой бөлүшсөңүз анан негизги тема Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгы тууралуу кенен кесири маек куруп берсеңиз деп пландадык эле. Кандай дейсиз?
- Туура эле дейм да, эми сен айткан соң. Мен 2-марттагы митинг тууралуу эки, үч күн мурун айткам. Ошон үчүн экисине да, сегизине да, сен айткандай кыска кыска эле токтолойун.
Экисиндеги митинг “Садыр Жапаровду колдойбуз, бошотулсун!”- деген ураан алдында уюштурулганы менен, иш жүзүндө максаты башка иш чара болуп чыкты. Бийликке нааразы болгон, төңкөрүш кылабыз деген күчтөр бар. Бийликтен кеткен, түрмөдө жаткан саясатчылардын кулактары чыгып атат. Ошолор элди козутуп, көлүк жалдап, каражат сарптап, уюштуруу иштерине тымызын катышканы билинип калды. “Он миңге чукул адамды аянтка топтоп туруп, ызы-чуу, өрт чыгарып, тополоң жасап жиберсек бийликти кулатабыз”- дешкен экен. Бирок ал провокаторлордун ойлору ишке ашкан жок.
Себеби, биринчиден элибизде азыр, андай, бийликке карата анчалык, тополоңдү колдой турган маанай, чоң нааразычылык жок. Эки элдик революцияны коштогон тополоңго тойгон элибиз азыр тынчтыкты каалап турат. Экинчиден, андай көтөрүлүш тымызын шыкактоо менен ишке ашпайт. “Баш болом”- деп ачык башында турган саясый күч керек. Болбосо, баягы Барктабасовдукундай эле болот. Жаалдап Акүйдү басып киресиң, ичин талкалап, талап-тонойсуң, анан экскурсия бүткөндө, чарчаганда тарап-тарап кетесиң да? “Мына бийликти куудук, биз башкача кылабыз!”- деп ачык чыгып, элдин колдоосуна ээ болгон саясый күч болмойун эч кандай революция болбойт. Сырткы күчтөр да эл бышмайын кийлигишип, эч нерсе кыла алышпасын билишет. Муну мурунку эки элдик революция далилдеди го?
Эми берки, 8-март... ЛГБТчылар ушу Аялдардын эл аралык майрамына аралаш чыгып, энелердин, эже-карындаш, кыздарыбыздын, жаздын майрамын курутушту да калды. Жыл сайын... Бул ЛГБТчылар бизде, Кыргызстанда өтө аз. Алар өз алдынча гей-парад өткөзө алчу санда эмес. Ошондуктан аялдардын укугун коргоо маселесине бир четинен жабыша калып чыгып жатышат.
Эми бул гей, лесбилерди издеп барып куугунтуктап, кордоп жаткан окуялар деле жокко эсе. Үй-бүлөөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар көбүрөөк, керек болсо. Булардын ошол, биздин коом, биздин муун кабыл албай турган, биздин түшүнүгүбүздө адепсиздик, айбанчылык катары саналган ыпластыкты пропагандалап, биз үчүн көнүмүшкө айландыргылары келип жатканына гана кыжырданып атат биздин эл.
Плакат көтөрүп көчөгө чыгып, көзгө чукуп, “биз барбыз, биз ушундайбыз, бул нормально, силер да ушинтсеңер болот!”- дешип, коомго, өспүрүмдөргө таасир эткендерине каршы болуп атабыз да. Анан коом жактырбай аткандан кийин алар деле тартынып, тынчыраак, уюктарында жүрө беришсе, бул ЛГБТчыларга каршы деле эч ким чыкмак эмес.
Бирок ошого карабастан, жанагынтип, маска кийип алып барып, улуу-кичүүсүнө карабай, ылгабай тепкилеп, сабап таратканыбыз жакшы эмес. Ал дагы айбанчылык.
Негизи биз өзүбүз бир кызык эл болуп баратабыз. Сөзсүз бир маселе боюнча бөлүнүп алып тытышып турушубуз керек. Турмушубуз өзүнчө эле көк бөрү. Жума сайын бирөө ортого “улак” (бир чыр тема) салып турушу керек. Антпесе суусап, кимге асылаарыбызды билбей жинденип кетебиз. Сегизинде ЛГБТлардын “улагын” тартып, жинденип, жаатташып, бири-бирибиз менен чабышып-сөгүшүп бүткөнү калсак, алар бүгүн дагы “улак” берет экен дешти... Айтор кур калбайбыз. Башкасы жок болсо жылы бою “улак” бере турган теңирчилер менен радикал исламчылар бар... Айтор, концерт жетиштүү.
- Эми негизги тема 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция тууралуу кеп салып берсеңиз. Сиз 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштөрдүн башында жүргөн адамдардын бири экениңизди билебиз. Бирок “Апрель баатыры” эмес экенсиз. Миллион сом да, квартира да албапсыз. Апрель революциясын белгилөөлөргө катышып жүрөсүзбү, деги?
- “Убакыт учкан куш” деген кеп бекерден айтылган эмес экен.
2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн бери көз ачып жумганча 10 жыл өтүп кетиптир. 2005-жылдын 24-мартындагы элдик көтөрүлүштөн бери 15 жыл өтүптүр. Мен ушул окуяларга тикелей катышкан адам катары жыл сайын ошол күндөрдү көз алдыман чубуртуп, ар дайым эскерип келем.
Текебаев Жоомарт Оторбаевдин көзүнчө медаль берейин дегенде колун уялтып албай койгонум бар. Миллион сом, квартираларды жутунгандар алыптыр. Мен резинка эле окторду жесем кантип сурайм. Бирок ок тийбегендер да алыптыр. Аны кийин уктук.
Жылда мамлекет тарабынан эскерүү, белгилөө болуп, китептер чыгып, кинолор тартылып жатат. Мен эмнегедир көбүнчө (Алмазбек Атамбаевди сындаганымдан го?) чакырылбай калып жүрдүм. Башка баатырлар толуп кетиптир. Ошол коогалаңда эл тарабында эмес, элге жек көрүндү болгон бийлик тарабында болгондор аралаш майрамдап, сый ургалга ээ болуп жүрүшкөндөрүн көргөндө катышпай калганыма деле анча капаланбайм.
Мына быйыл 7-апрель элдик революциясынын он жылдыгын белгилөө үчүн атайын жарлык чыгып, белгиленгени жатат. Кандай белгиленет? Аны көрө жатаарбыз.
Мен үчүн 2005-жылдын 24-марты менен 2010-жылдын 7-апрели экөө тең тарыхка өчпөс из калтырган дата. Адилетсиздик менен зомбулукка моюн сунбаган кыргыз эли Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, криминалдык, авторитардык бийликтерин тактан кулатып, өлкөдөн сүрүп салган күн. Келечек муундарга эрдик менен кайратмандыктын үлгүсүн көрсөтүп, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн.
Мен ошол коогалаңдуу күндөрдө элим менен бирге болгонума, октон жалтанбаган жаштарды аянтка баштап барганыма сыймыктанам!
Тилекке каршы, эки жолку элдик көтөрүлүштө кан төгүлдү. Элибиз бул окуялардан алдыга жылыш, ийгиликтерди, жашоонун жакшы жакка өзгөрүшүн күткөн.
Өкүнүчтүүсү, апрель революциясынын жыйынтыктары ойдогудай болбой, баягы орустардын притчасындагыдай – “революцияны романтиктер баштайт, фанатиктер ишке ашырат, шылуун, шумпайлар үзүрүн көрөт” дегендей болуп калды. Бул эми, жалпы жонунан берген элдин баасы.
Бирок, апрель революциясынан кийин таптакыр өзгөрүштөр болгон жок, такыр артка кеттик деп да айта албайбыз. Тынчтык, туруктуулук келди.
Эл ичинде, “революциянын максаттары эмне себептерден улам ишке ашкан жок (?)” дегенде деле бир беткей жооп жок. Бири-бирибизди, бийлигибизди күнөөлөп келебиз. Көбүнесе ошол эле Убактылуу Өкмөттү каралоолор, айыптоолор айтылганына күбө болуп жүрөбүз.
Кеп чынында, УӨчүлөр өзүлөрү айткандай убактылуу гана бийликти алып, стабилдүүлүктү орнотуп туруп, таза шайлоо өткөзөбүз деп, УӨнүн дээрлик көпчүлүгү бийликти таштап, отставкага кетип, таза шайлоонун аркасында регионализмге малынган элибизден “жаза алышып”, шайлоодо жеңилүү ызасын тартып, бийлик жаңы шайланган парламенттин колуна өткөн эмес беле.
Башкача айтканда, ошондон кийинки жоопкерчилик элибизге өткөн. “Колуң менен жасаганды мойнун менен көтөр”- деген кеп бар эмеспи. Айткандай эле болду. Өзүбүз шайлап атабыз, кайра-кайра тырмоочту басып. Анан андан кийинки бардактын азабын өзүбүз, элибиз жон терибиз менен тартып да жатабыз.
УӨнү негизинен ошо жылдын жайындагы өлкөнүн түштүгүндөгү улут аралык кагылыш боюнча айыптап келишет. УӨнүн айрым мүчөлөрү, ошол кезде күтүлүп жаткан, алдыдагы парламенттик шайлоого карата өзбек улутундагы шайлоочулардын добушуна көз артып, алар менен мамиле түзүшүп, алардын арасындагы сепаратистик күчтөрдүн кулагын көтөрүлүшүнө себепкер болгон десек бир жөн.
Бирок, “УӨ улут аралык жаңжалды уюштурган”,- деген сөз суу кечпейт.
Улут аралык жаңжалдын чыгышына негизинен сырткы күчтөр жана ошол кезде бийликтен ажырап турган Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда калган тарапташтары, бийлик алмашканына байланыштуу наркотрафикти кайра бөлүштүрүү маселесинин келип чыгышы себепкер болушу мүмкүн.
Алмазбек Атамбаев деле ызаланып, күндө бука союп, аш басып, элди түндүк-түштүк кылып тукуруп, тополоң жасоого аракеттенгенин көрдүк го?
Андыктан, ошол жылкы июнь коогалаңынын күнөөкөрлөрүн издөөдө жеңил ойлуулукка жол берилбеши керек.
Керек болсо, бул улут аралык жаңжалды, жакынкы чыгыштагы он жылдап токтобой миңдеген адамдар кырылган, шаарлар кыйрап, мамлекеттер жоюлган жарандык кагылыштарга салыштырмалуу кыска мөөнөттө токтотууга жетишкен УӨнүн ийгилиги алигиче өз баасын ала элек.
Эгерде Курманбек Бакиев ошондо Оштон колдоо таапканда кандай абалда калаар элек? Апрель революциясынын эпкини ошо менен токтоп, граждандык согушка кирип кетмекпиз да.
Апрель элдик революциясынын оту өчпөй, ишке ашышына оштуктардын, анын ичинде азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын, “Ата-Мекен” ж.б. партиялардын ролу зор.
Бизде болсо, көбүнесе трайбализмге берилген, эски бийликтин колдоочулары, болгон балээнин баарын, өнүгүп-өспөгөнүбүздү, корупциянын гүлдөшүн, авторитардык режимдин кайрадан орношун УӨгө жабыштырып келишет.
УӨнү “оптом” айыптай берүүнүн дагы бир себеби ошо УӨнүн бир өкүлү Алмазбек Атамбаевдин президенттикке шайланып, алты жыл тактыда отуруп калганынан болсо керек.
Бакиевдерди ушу күнгө чейин колдоп, көксөп келген регионалистер ошондон пайдаланып, элдин көзүн будамайлап, Атамбаевге аралаштырып, УӨ мүчөлөрүн кошуп шыбамайды адатка айландырып алышкан. Карапайым эл болсо ылгабай кабыл ала берет экен. Анткени эл жалпы жонунан бийликке нааразы. А, УӨ мүчөлөрү кандай деген күндө да бийликке жеткен, бийлик адамдары деген топко кирет эмеспи.
А бирок, кеп чынында, Атамбаевди кутурткандар кимдер? Ошол УӨ өткөргөн таза шайлоодо жеңишке жеткендер, жалган патриотизмге жамынып алган партиялар эмеспи? Ошолор, Атамбаев оңго чапса оңго, солго чапса солго жатып берип атышып, аны чектен чыгарып, “мания величия” диагнозуна чейин жеткизишип, ошолордун айынан өлкөдө кайрадан авторитаризм орнободубу? Же андай эмеспи?
Бир күн аянтка чыга калып, “мен апрель баатырымын” деп, өмүр бою өкмөттү жакалап, ардеңке, бирдеңке сурап жүргөндөрдү жаман үйрөтүп, уюштуруп, анда-санда жем чачып, торпедо кылып, Жогорку Кеңешке тукуруп, депутаттардын жүрөгүнүн үшүн алууну өздөштүргөн Фарид Ниязов сыяктуу президенттин кеңешчилери да Алмазбек Атамбаевдин кутуруп кетишине себепчи болгон.
Анан өзүм билемдикке кирген Атамбаев ит кушту жыйнап алып, дүнүйөкорлуктун кулу болуп, элдин мүдөөсүн Максим Бакиевдин “куйруктарына” тепселетип таштады. Мамлекеттин экономикасы элдин кызыкчылыгына иштебей бир адамдын айлана-чөйрөсүнө иштеп калды. Эл, коомчулук кой-ай дегенге чамасы келген жок. Ооз ачкан саясатчылар, журналистер камалып, сабалып, куугунтуктала баштады. Анан кантип өсүп-өнүгүү болот? Революциянын асыл максаттары тепсендиде калды. Өзүбүз шайлаган бийлигибиз тепселеди. Биз убагында тыя албадык. Демек жалпы баарыбыздын күнөөбүз бар десек жаңылышпайбыз.
Бирок, ошондой болсо дагы, революциянын көп максаттары аткарылбагандыгына карабастан, бул элдик көтөрүлүштөр элибиздин эрки күчтүү экенин айгинелеп, бийликти узурпация кылгысы келгендерди көзгө сайып, өзүм билемдике жол бердирбей турган белги сыяктуу болуп калды дээр элем.
Алмазбек Атамбаев деле элдин сүрүнөн чочуп, экинчи мөөнөткө бара алган жок. Анда эл -“төгүлгөн кан бекер беле?” деп чыгаарынан коркту. Анан ушундай кырдаалда шайлоо жолу менен бийлик алмашты. Бул, демократиялык нормалар туруктуу орной баштады дегенди билдирет. Мурдагы СССР чөлкөмүндөгү коңшу мамлекеттерге караганда бул чоң жетишкендик!
Элдик революцияда шейит кеткен жаштарыбыз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн курман болушту! Алардын жаркын элеси эч качан унутулбайт!
Булак: "Майдан.kg" газетасы