8-март күнү Жалал-Абад шаарында салтка айлангандай эле, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев облустун булуң-бурчтарынан келген баатыр энелерди сыйлоо салтанатын өткөздү. Быйылкы жолугушуунун мурункулардан айырмасы – ага катышкан баатыр энелердин катарынын калыңдаганы. Сый-азем жандуу музыка, жалындуу сөздөр, куттуктоолор менен коштолуп, энелер өз майрамында позитивдүү энергия алууга үлгүрүп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын жашырбай, сүйүнүчтөн көз жаш да агызып алышты.
- Мен көп эле жерлерде, чоң трибуналарда сүйлөйм, он миңдеген адамдардын алдына чыгып жүрөм, бирок, сиздердин алдыңыздарга келгенде эмнегедир сүрдөп, өзүмдү жоготуп коём,- деп баштады өз сөзүн Камчыбек Ташиев. – Анткени, жети-ондогон балдарды төрөп өстүргөн апалар, сиздердин бизге кылган жакшылыгыңыздарды жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берүү кыйын, аны жүрөгүн менен сезе билгенде гана түшүнөсүң. Мына азыр да, ушул залда чогулуп олтурган апаларымды көргөн, мен өзүмдүн апамды эстейм, курбуларын көз алдыма келтирем. Мен бала кезимде ар дайым: “чоноюп, эр жетилгенде мамлекетке көп-көп иштерди кылсам, апам уулу менен сыймыктанса” деп тилек кылчумун. Ошондуктан, урматтуу энелер, менин кааларым, сиздердин уулуңуздар да ушундай сыймыктуу адамдардан болушсун! Билсеңиздер, мен жыл сайын бул салтанатка он күн мурда даярдыкты баштайм. Сиздердин алдыңыздарга чыгып сүйлөө үчүн ойлорумду топтойм. Бирок, сиздерди көргөндө эле ал ойлордун баары чачырап кетет да, андан көрө кучактап, өпкүм эле келе берет...
К.Ташиев энелерди сыйлоо салты кандайча чыгып калганын минтип айтып берген эле:
- Менин апам Алима коңшу Чокмор айылынан, багыштын кызы болот. Апам өтө мээримдүү, көп нерсени алдына ала көрө билген акылдуу жан эле. Апамдын таятасы Шүкүралы болуш убагында Жалал-Абад, Барпы чөлкөмүндө болуштук кылган. Айтылуу Мырзакул болуш апамдын таятасынын аткошчусу болгон. Ал кезде Кокон хандыгынын кысымы күч болуп, болуштар Кокон хандыгынын салыкчыларына, баскынчыларына каршы күрөшүп турган чак экен. Шүкүралы болуш баскынчыларды кууп барып, Андижанда каза болуптур. Болуштун небереси катары айылда апамдын кадыры да чоң эле. Бир учур апам мага: “балам, 8-март келе жатат, ушу көп бала төрөгөн баатыр энелердин көңүлүн бир көтөрүп койбойсуңбу?”- деп, суранып калды. Ошондон тарта дээрлик чейрек кылымдан бери 8-мартта “Баатыр энелер” менен чогуу болом. Апам анын он экисине катышты да, көзү өтүп кетти. Аларды куттуктап белек берем, дасторкон жаям. Башында Барпыдан 120га жетпеген Баатыр энелер чогулса, азыр Жалал-Абад областы боюнча миңдеген Баатыр энелерди чогултам. 8-мартта Баатыр энелерди куттуктоо мага апамдан калган мурас деп түшүнөм. 8-мартта мен Баатыр энелерден башка эч кимди, аялымды, кыздарымды да куттуктабайм, алар мен бул күндө бир гана Баатыр энелерге өзгөчө көңүл бураарымды билип, түшүнүү менен кабыл алышат. Бардык эле энелер өз балдары үчүн кайталангыс деңизчи. Ошентсе да мен апамды өзгөчө жакшы көрөр элем. Эң оболу апамдын айылындагы чоң көчөнү оңдотуп, асфальт төшөткөм. Ушул көчө менен апамды ээрчип эркелеп, таятамдардыкына бараар элем. Бул көчө Түмөнбай Байзаков атындагы көчө. Депутаттыкка ат салышканымда да апамдын Чокмор айылынан ар дайым эң көп добуш алам. Муну мен тага журтумдун апама болгон сый-урматы деп билем.
Эмне дейбиз, Кыргызстанда эмне көп, бай адам көп... Бирок, ошолордун биринин дагы Камчыбек Кыдыршаевичтей чын жүрөгү менен энелерге сый көрсөткөн учурун деги эле көрө элекпиз. Ар бир облуста жок дегенде бирден ушул Ташиевдей эр жигит болгондо, алар да ушинтип энелерди сыйлоону салтка айлантып алышканда, дүйнө кандай жарый түшөөр эле... Тилекке каршы, Ташиев бирөө эле экен, баарына жалгыз жетише албайт тура...
Булак: "Майдан.kg" газетасы