Аялдардын укугу деген эмне өзү? Гейлер менен лесбиянкалардын укуктарын гана - аялдардын укуктары дейбизби? Гейлерге каршы чыккандар, мисалы, аялдарга, кыздарга каршы зомбулукту колдойбу? Менимче, колдобойт! Жаш кыздарды мажбурлап күйөөгө берүүнү колдойбу? Менимче, колдошпойт..
Ушул 2 нерсени айырбаштап, тактап алмайынча, бүгүнкүдөй көрүнүш мындан ары деле боло берет. Аялдардын укуктары бул өзүнчө, чоң, актуалдуу маселе! Муну эч ким жашыра албайт, муну өкмөт деле мойнуна алып, гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча бир топ мамлекеттик программалар түзүлүп, ишке ашырылып жатат. Бул жаатта чечилбеген маселелер да толтура..
Бирок, бирөөлөрдүн катуу аракеттери менен, аял-кыздардын чыныгы проблемалары жанагы гей, лесбиянкалардын гана маселелери менен байланышып калганы өкүндүрөт! Ушуну менен коом кыздардын эрте турмушка чыгуу, көп балалуу энелердин коомдогу ахвалы, ала качуу, аялдардын арасындагы жумушсуздук, криминал, аялдардын бийликтеги орду сыяктуу алда канча маанилүү маселелер көмүскөдө калып жатканы өкүндүрөт!
“Жатын меники, эмне кылам меним ишим” деген провокациялык лозунгдарга тарбия көргөн кыргыздар АР ДАЙЫМ каршы болот! Андай кыргыздар элдин 99% түзөт, керек болсо... Мындай айбандыкка Кыргызстанда жашаган башка улуттар деле караманча каршы болооруна шек жок...
Кыргызстандагы аялдардын негизги укуктары ЖАТЫНДА эмес! Жумушсуздукта, бала бакчалардын жетпегенинде, үйсүздүктө, кыздарга болуп жаткан моралдык жана башка зомбулукта, аялдардын тышкы миграциясында..
Булак: "Майдан.kg" газетасы