Бул кызуу маекти жалпы окурмандарыбыз менен да бөлүшүү максатында жарыялайбыз.
-Мурунку салмактан канча таштадыңыз?
– 33 килограмм. 6 айда 33 килограмм. 115тен 83 килограммга түштүм.
-Жүз килограммдык штанганы жатып алып канча көтөрө аласыз?
-100 килограммдык штанганы бир “подходдо” 10 жолу көтөрөм.
-“Отжиманиечи”?
-“Отжимание” бир жасаганда 60-70ти жөн эле жасайм. Зонада сейилге чыкканда, 1,5 сааттын ичинде 300 отжимание жасап койчумун.
-Турникке канча жолу тартына аласыз?
-Бир “подходдо” 12-15 жолу…
-Чуркаганда канча километр чуркайсыз?
-5 километрден чуркачумун. Бир жумада 35 километр чуркап койгон учурлар болгон.
-Акыркы учурда канча китеп окудуңуз?
-Китепти бала кезде окуп бүтүп койгом. Асанбек Стамов, Айткулу Убукеевдин китептерин сүйүп окугам. Бала кезде Чаектин китепканасынан иним Нурдин 3 китеп, мен 3 китеп алып 10 күндө алмашып окуп бүтүп койчубуз. 10 күндө 6 китеп ошондо. Орус классикасын да окугам.
-“Война и Мир” китебин окугансызбы?
-Ооба. Бирок, зериктирген китеп. Тажап кеткем.
-Курандычы?
-Окуп бүткөм ооба. Котормолорун. Арабчаны үйрөнө албай койдум.
-Канчанчы аялыңыз?
-Үчүнчү аялым. Ар ким ар кандай айта берет. Бирок, үчүнчүсү. Ишенбесеңер ЗАГСка деле алып бара алам.
–Эми маекке келели. Арыктап жашарып алыпсыз? Сыры эмнеде?
-Сыры диета спорт, “качалка”, жүгүрмөй, зыян адаттарды таштамай, көбүнчө уйку, намаз. Даарат. Даарат бул табигый косметика. Жүзуң нурлуу болот.
-Жаш аял алса жашарат деп коюшат го. Сыры ошондо эмеспи?
-Эми анын да таасири болушу мүмкүн. Жаш болуп турса, ага шайкеш болоюн дейсиң. Жан дүйнөң да жаш болгусу келет. Хадис бар. Адам деген жүзгө чыкса да жүрөгү жаш бойдон калат деген.
-Куш бооңуз бекем болсун! Жубайыңыз тууралуу айта кетиңиз эми?
-Силерден чакырык түшкөндө экөөбүз келели дегенбиз. Бирок, улам эле эфир бетин бербей, лента бетин бербей атып, мындан башка көрсөтөрү, мактанары жокпу деп ойлоп калбасын деп кеңешип жалгыз келдим. Ал үчүн кечирим сурайм. Таанышып калганыбыз ушундай… 2018-жылдын декабрында машинам менен баратып, Чүй-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен унаа тосуп турган кызды көрдүм. Каякка барасыз десем, Арча-Бешикке дейт. Анан Арча-Бешикке жеткирип, телефонун алып таанышып калганбыз… Анан былтыр 2019-жылы декабрда 1 жылдан кийин турмушка чыгасыңбы деп сунуш киргизсем макул деди. Анан үйлөндүк.
Ага чейин бойдок болчумун. Саясатта жүрүп бийлик ажыдаарларынын куйругун басып алдымбы, айтор түрмөгө каматып салышты. Азыркы аялдар ишенимдүү, туруктуу болушпайт экен. Түрмөдөн күтө алышкан жок. Өзгөчө Молдовановкада Талгарбеков, Марат Султановдор менен чогуу отуруп калбадымбы, эми алар башка камераларда отурушту, бирок ошол мезгилде алардын аялдары келип жатса кызыктай болот экен. Мага эч ким келбейт. Анан “энесинурайын” деп чыксам эч кимиси менен жарашпайм, элдешпейм, чыксам жаңысын, жашын алам деп чечтим. Өчөшүп туруп алып таштадым.
-“Аялдарым туруктуу эмес” экен деп калдыңыз го. Ушул келинчегиңиз туруктуу болуп, сизге арка жөлөк боло аларына көзүңүз жетип үйлөндүңүзбү?
-Кыйынчылыктардын жүзүн ары кылсын. Мен азыр ушул адилетсиз коомдун таламын талашкым келбей калды. Бир эле Кумтөр үчүн кыйкырган Садыр Жапаровго боштондук дейт. Мотуевди эч ким эстебейт. Мага деле кереги жок деп калдым. Мен мындан ары өзүм үчүн жашайм. Түрмөгө түшпөгөнгө аракет кылам. Түз жүрсөң эле түшпөйсүң да.
Эми кыйынчылыкта күтпөй эле койсун, күткүсү келбесе?! Менин тажрыйбам көрсөтүп жатат. Мотуевге жаш кыздар гана тиет. Мен эч нерсе жоготпойм. Мен 50гө чыгамбы? 70кеби? 100гөбү? Анын жүзүн ары кылсын. Бирок, дагы бир нерсе болуп кетсе, маңдайыма кайра эле дагы бир жаш кыз тургандыр. Ага эмне кейийбиз?!
-Кайсы жакка күйөө бала болдуңуз? Кайын журт менен мамиле кандай? Барганда күйөө бала кел деп сыйлап турушабы же кызматка салып жатышабы?
-Эми сыйлашып, кызматташып калган даражага жете элекпиз. Себеби, жаңы эле үйлөнбөдүмбү. Бирок, ачуу басарын бердик. Күзүндө буюрса чоң той бергени жатам. Заманбап той. Кайненеме, кайнагаларыма ачуу басарын бердим.
Жеңеңер Кеминдин Бейшеке айылынан болот. Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев менен айылдаш.
– 8-мартта жубайыңызды кандай майрамдаттыңыз?
-Кийим алып бердим. Акча бердим. Ресторанга отурдук.
-Үйдө кандай күйөөсүз? Кандай атасыз?
-Эми мурунку аялдарым бул маекти көрсө керек. Көргүсү келбей эле көрбөй койбосо… Мына алар мага калп айттырышпайт. Мен аябай назик мамиле кылам аялга. Бирөөсүн да уруп көргөн эмесмин. Бирөөсүнө да катуу сүйлөп, колум тийген эмес. “Просто” мен адаштым. Сүйбөсүмдү кийин түшүндүм. 2 аялымдан мен кеттим. Алар менден кетишкен жок. Мен кеттим.
Бул аялыма да мамиле ошондой болот. Назик эле болом. Балдар менен байланышып турам. Колдон келсе көйгөйлөрүн чечип турганга аракет кылам.
– Түрмөдө отурганда жүз буруп кеткен дос-тааныштар да болдубу?
-Андайлар толтура болду. Кээ бир арсыз депутаттар бар. Мисалы Руслан Казакбаев деген барат да, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Бекболот Талгарбеков жана башка “политзаключенныйлар” менен жолугат да мени менен жолугушпайт. Ким ал Руслан Казакбаев? Кантип тышкы иштер министри болуп жургөн, ошол орой мүнөзү менен? Орой го өтө…
Мени элге мурунку бийликтегилер, Атамбаевдер элге кыйшактатып-пыйшактатып көрсөтүп орой көрсөтүп салышкан. Бирок Казакбаевге караганда мен сылык экенмин да.
Ошол Казакбаев баарына жолугуп, анан мага жолукпай кетип жатпайбы?! Иий, арсыз! Өзү ким ал? Бабановдун артынан киши болуп жүрөт го…
– Кыздарга кастинг жарыяладыңыз эле? Тамаша беле же чын беле?
-Мени Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да тушунда түрмөгө отургузушту. Акаевдин учурунда 2 ай отуруп эле чыгып кеткем. Бакиевдин учурунда Кара-Кече боюнча 1 жылдай отуруп калдым. Атамбаевдин учурунда көп отурдум. Мен ошол учурда фейсбукка жазгам. 2016-жылы, ноябрь айы болчу.
Мен жазып келип туруп, бывший президенттерди “сволочи” дедим. Мага жашоо бербей коюшту. Түрмөгө отурган сайын аялым менен ажырашам деп жазгам.
Ошол “сволочи” деген сөзүм Атамбаевге катуу тийип калыптыр. Кастингди бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой мазактап жатпадыбы?
Бул кастинг негизи, Атамбаев болобу, башкасыбы мени өлтүрүп эле койбосо мен ошондой эле “блатной”, “борзый” боюнча эле калам дегенди көрсөтүү максатын көздөгөн. Бирок, ошол кастингдин зыяны көп тийди. Ал кастинг үчун 2 ирет ШИЗОго кирдим. Кийин “злостный нарушитель” деп зонага айдап жиберишти. Кастингдин азабы көп болду. Бир жагынан ал учурда Атамбаев да приказ берип турган. “Сволочи” деген сөзүм катуу тийиптир.
2006-жылы “Агым” гезитине түрмөдө отуруп Бакиев жөнүндө да жазгам. “О кеңкейген кебетеңди урайын” деп. Аябай катуу тийгем. Көрсө, мени анда ноябрь митингдерине катуу пайдаланышыптыр. Мына Мотуев түрмөдө отуруп минтип атпайбы деп. Анан Бакиевдер “муну отургузганда чё толку? Бул эмне келесоо чалышпы, коркуу сезими жок го?” деп мени менен соодалашышып, кой эми токтот бизге каршы иштегенди деп тийишпей калышты.
Бирок Атамбаев аябай таш боор экен.
-Кантип эле жаш кыздар ашык болуп калат сизге?
-Эми табитти талашпайт деп коёт го. Билбейм эмнеге жага берем? Калп айтпаганым үчүнбү, ачык-айрым болгонум үчунбү, же “телегеничный” болгонум үчүнбү, “симпатичный” болгонум үчүнбү? Минтип айтсаң, мактанып атат дешет. Мактанбай эле, биздин тегибиз “телегеничный”. Иним мына Нурдин Мотуев 15-20 жылдан бери диктор болуп иштеп жүрөт.
-Сиз улам үйлөнгөн сайын, Нурлан Мотуевде акча көп окшойт. Акча менен кыздарды имерип алат го деген ой келе берет… Акчаңыз көппү? Канча акчаңыз бар?
– Так эсебин айтпайм. Бирок мен кыймылсыз мүлк менен иштейм. Алам сатам, ижарага берем. Кузүндө сентябрдан тарта көмүр ташытам. Толтура жүк ташыган унааларды коюп койсоң болот. Ижарага аласыңбы же менчик унааларды иштетесиңби? Иштетсе болот.
Акчама деле кызыгышпайт го. Мен өзүм акчага кызыккан кыздардан качып турам. Алардын талаптары жогору болот. Жок эле дегенде 70 миң сомго телефон алып бериш керек.
Мен адамгерчиликтүү, спортту жакшы көргөн кыздарды тандайм, мен да ошого шайкеш боло алам. Акчага кызыккан кыздарды сөзүнөн байкап эле качып кетем.
-Кара-Кече деп калдыңыз… Көмүрдө үлүшүңүз барбы ошондо?
-Үлүшүм бар дей албайм. Ал жерде ачык карьер да. Каалаган киши барып ала алат. Жеке ишкер катары ташыйм да.
-Өзүм үчүн жашайм дедиңиз. Ошондо сизди саясаттан көрбөйбүзбү?
-Эмнеге көрбөйсүңөр? Саясат деген сөзсүз чыр-чатак эмес да. Өз оюңду парламенттен айтсаң болот депутат болуп. Жөнөкөй адам катары оюбуздү айтып турабыз. Дуба кылып турабыз. Саясаттан дагы далай көрөсүңөр.
-Ошондо шайлоого аракет кылып көрөсүзбү?
-Өзүң жалгыз депутат боло албайт экенсиң. Партиянын тизмеси менен барыш керек экен. А мен өзүм партиялык системге каршымын. Партсистема деп айтып чыгышканда эле каршы чыккам. Ансыз да бөлүнүп жаткан кыргызды, ого бетер бөлөсүңөр деп. Ошон үчүн мен бир да партиянын катарына кирген эмесмин. Мындан ары да кирбейм го. Бул жылы катыша албайм. Баш мыйзам өзгөрүп кетип эле катышпасам…
-Акыркы өтүп жаткан митингдер боюнча кандай ойдо калдыңыз?
– Мындай да, Садыр Жапаровду чакырып алган өздөрү. Түрмөгө келип түшүп калды. Сактап кала алышкан жок. Ал байкуш азабын өзү тартты. Кайра келип “Садыр Жапаровго боштондук” деп митинг кылышат.
Бирок ошол Садыр Жапаров айткан Кумтөрдү мен деле айткам. Митингдерге мен да катышкам. Жети-Өгүз, Караколдогу митингге мен деле катышып жүргөм. Каптагаевди кармаганда гана барган эмесмин. Талгарбековдун атактуу жыйналышында, “Кыргызстанда кожоюн барбы? Эмнеге ушул кыргыздын алтынына келгенде баарынын тили буулуп калат?” деп айттым. Ошонун айынан 7 жыл жатак абакка кесилип кеттим. Анда Атамбаевдин учуру болчу.
Ошондо, “Садыр Жапаровго боштондук” дегенди угуп, ошол эле митингдерде жүргөн “Нурлан Мотуевге боштондук” дегенди укпадым.
Мотуевди киши катарында көрүшпөйбү? Көрбөй эле койгула. Урганым да жок. Ушу көрүп жаткан эл журт. Урганым да жок силерди. Аллах колдосо болду мени! Адамгерчилик, адилеттүлүк деген болуш керек да.
2-мартта митинг боюнча, уюштуруу иштери начар болгон. Уу-дуу болуп Ак үйгө барабыз дешти. Барышты. Анан милиция кууп таркатты. 2000-3000 киши болчу. Ак үйдү ала алышмак эмес. Булар кеч кирсе көчөлөрдү аралап кетишмек. Мародерчулук башталмак. Жөнөкөй эле ишкерлер күймөк. Бийлик таркатып туура эле кылды. Карап отурмак беле.
-Жогорку жактан кызмат берилип калса кандай жооп кылат элеңиз?
-Мен азыркы бийликти абдан сыйлайм, урматтайм. Азыркы президент Сооронбай Шариповичтин саясый эрки абдан күчтүү экен. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт. Килейген зулум Атамбаевдин бетин ачып, коррупциясын ачыктап, каматып коюу баарынын колунан келбейт. Бул кишини мөөнөтү бүткөнчө колдойм.
Душманым Атамбаевди камап берди. Саясый эрктүү, акылдуу адам экен. Президенттик мөөнөтүнүн 2 жылы ушул Атамбаевдин коррупциялык кланы менен күрөшүүгө коротту. Эми гана кол-жолу бошоду окшойт. Калган 4 жылында жакшы экономикалык пайдубал түптөп кетсе болот.
Буга чейинки президенттер эмнеге эле Кыргызстанды бага албай койгонун түшүнбөйм. Москва элинин жарымы элебиз да. Гүлдөтүп койсо болот.
Эгер сунуш түшсө иштеп берем.
-Кайсыл тармакты алып кете алам дейсиз?
-Саясый эрк менен эле бардык тармакта иштеп кете алам. Менеджерлик сапат бар. Кара-Кечени берсе иштетип кетем. Беш колдой билем ал жакты.
-Президенттикке да коюшуңуз мүмкүнбү?
-Эгер Баш мыйзам өзгөрбөсө, Сооронбай Жээнбеков бир эле мөөнөткө шайланат да туурабы? Андай болсо талапкерлигимди коём. Эгер Баш мыйзам өзгөрүп, кийинки мөөнөткө Сооронбай Шарипович бара турган болсо, анда ал кишиге тоскоол болуштун эмне кереги бар? Анда жардамдашам, үгүт иштерин жасайм.
Мен өзүм үчүн эле жашагым келди деп жатпаймбы. Саясый көз карашы үчүн деп түрмөгө отурсаң да сени эч ким эстебейт экен. Мисалы, “политзаключенный” деп мени тизмеге да киргизишкен жок. Жанагы Сапар Аргынбаев деген неме… 10 килограмм наркотик менен түшкөн адамды “политзаключеный” деп жазып алышыптыр. Атын атабай эле коёюн. Адилетсиздик, адилетсиздик…
-Кыргыз саясатында Сооронбай Шариповичтен башка дагы кимди сыйлайсыз?
-Кимдерди сыйлайм? Мухамедкалый Абылгазиев жакшы иштеп жатат. Буга да эрк керек. Бийлик талашпай, өз милдеттерин аткарып. Менеджерлик сапаты да бар экен. Буга да акыл керек. Командада иштей алат экен.
Мисал катары эле салыштыралы… Бакиевдин учурунда Атамбаев премьер-министр боло калып, чунаңдап качып тийип, кайра бийлик талашты. А бул анткен жок. Сыйга татыктуу адам экен.
Сооронбай Шариповичти 100 пайыз сыйлайм.
-Баса, элдин талкуусунан түшпөгөн Чыпалак баатыр сиз менен мушташканга даярмын деди эле?
-Чыпалак баатыр деген жигиттин ал видеосун көрдүм. Негизи ким ал? Чын-чынына келгенде бир “удардан” чыкпайт да. Ыңгайы келсе бир эле соккуман сулап түшөт. Чакырса качмак белем. Чыгам!
-Маегиңизге ыраазычылык.
Булак: БарсМедиа