Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 6 жаран №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы массалык баш аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзөт», - деп айтылды маалыматта.

Кармалган 6 жаран Свердлов райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Эркектер:

- 1999-жылы туулган Т.А;

- 1999-жылы туулган И.Б;

- 1990-жылы туулган Ш.М;

- 1963-жылы туулган А.Б.

Аялдар:

- 1973-жылы туулган Ч.Н;

- 1966-жылы туулган А.Б.

2-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрдү. Митингдин жүрүшүндө уюштуруучулар сөз сүйлөп, бир катар талаптарды айтышты. Анын эң негизгиси — Садыр Жапаровду камактан бошотуу болду.

Митингге чыккан аялдар Ак үйгө барып, депутаттар менен жолугушууну талап кылышкан. Алардын арасындагы айрым аялдар Ак үйдөн чыгып жаткан кызматкерлердин жолун тосуп, кол салышкан болчу.

Булак: Баракелде