Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-мартта болжол менен саат 02.09да Кыргызстандан аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Талас облусунун Манас районунун Арал, Кара-Арча айылдарында 2,5 балл жана Пакровка айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Булак: Кабар