Кыргызстанда чиновниктер да карантинге жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө штабынан билдиришти.

Штаб январь айынын аягынан бери канча чиновник карантинге алынганын тактаган жок. «Биз канча чиновник карантинге алынганын эсептебейбиз. Канча күн кармалганын да айта албайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттарга башка өлкөлөргө иш сапар менен барууга тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, коронавирус 102ден ашык өлкөдө катталды. Франция, Испания жана Ирандын депутаттары ооруну бири-бирине жугузду. Ал башка өлкөлөргө барып келген кесиптештерин карантинге жаткыруу керектигин белгиледи.

Учурда Кыргызстан эпидемиологиялык абал туруктуу эмес 5 өлкөнүн — Кытай, Япония, Корея, Иран жана Италиянын жарандарына кирүүгө тыюу салды. Ал эми бул өлкөдөн келген Кыргызстандын жарандары карантинге жайгаштырылат.

                                                         Окуя тууралуу:

Уландысы: Жогорку Кеңештеги депутаттар коронавирус катталган кайсы өлкөлөргө барып келишти? 

Коронавирус: Жогорку Кеңештеги депутаттарга иш сапарга чыгууга тыюу салуу сунушталды

Булак: Баракелде