Сыягы, бул окуя 8-март майрамына карата ошол мектептин аял мугалимдеринин чай ичкен столуна карата даярдык окшойт.
Анда мугалим: “Силердин 11-класс эмне алып келе алышат деп сурап жатам?”,- деген. “Бул маселени биз, балдар өзүбүзчө чечип, эртең тапшырабыз”,- деп ага окуучулар жооп берген. “Эмне белек берериңерди мен билем. Бир ручка берип коесуңар. Мага бир ручканын кереги жок, макулбу. Албайм”,- деп мугалим сөзүн уланткан. Ага жооп берүүгө аракет кылган окуучу кызга мугалим: “Ручканын кереги жок. Оозуңду жап”- деген. “Саат төрттө мугалимдер отурушат. Жок дегенде салат сатып келе аласыңарбы деп жатам?!”,- деп окутуучу сөзүн кайталаган. Бул факт боюнча Билим берүү жана илим министрлиги териштирүү жүргүзүп жатканын айтууда. Окуя качан жана кайсы мектепте болуп өткөнүн аныктоо аракети жүрүүдө.
Албетте, бул окуя ошол жогорку класстын окуучулары эжекесинин сөзүн видого тартып алып, андан кийин Youtube каналына жарыялап жибергенден кийин гана коомчулукка жарыяланып, талкууга алынып жатат. Чындыгында мектеп мугалимдеринин, айрыкча директорлордун окуучулар менен алардын ата-энелерине “рекеттик” кылган мамилеси ар бир эле мектепте кездешет. Эгер алардын сураганы берилбесе же талабы аткарылбаса, окуучу кысымга алынып, баасы да ошого жараша коюлары да түшүнүктүү. Мамлекетибиз коррупцияга каршы жакшы эле күрөшүп жатат, бирок бир гана мектептердеги ушундай акча, материалдык буюм чогултууну тыя албай койду...
Булак: "Майдан.kg" газетасы