Мындай көрүнүш 5-март күнү түштөн кийин байкала баштаган. Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын айтымында, коңшу өлкөнүн жарандары Лейлектеги дүкөндөрдөн азык сатып кетүүнү улантышса, баанын өсүшү менен тартыштык жаралышы мүмкүн. Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Кенжебек Салимбеков ММКларга бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, тажикстандыктар дүкөндөрдөн негизинен ун, май жана макарон азыктарын сатып алышкан.
“Кечээ түштөн кийин келе башташыптыр. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жалпы болжолдуу 15тей дүкөн бар. Тажикстандыктардын кирип, азык-түлүктөрдү сатып кетип жатканын көргөн эл, бир аз кооптонушкан”,- деди айылдык кеңештин депутаты.
Тажикстанда коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Эң керектүү азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттаган.
Ал эми кошуна өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.
Бирок бейшемби күнү эртең менен соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталды. Бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөткөн.
Бул арада Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө да тыюу салды.
Өз кезегинде Кыргызстандын өкмөтү да өз элибизге азык-түлүктүн кору жетиштүү экендигин билдирип, дүрбөлөңгө түшүүнүн негизи жоктугун айтууда.
Булак: "Майдан.kg" газетасы