Түлөөнү муфтият айрым жеке инсандар менен кошо 8-мартта Бишкектеги имам Сарахси атындагы башкы мечитте өткөрдү. Анда Кыргызстан элин ар кандай кырсыктан, оорудан оолак сактоону Кудайдан тиленди. Иш-чарага азирети муфтий баштаган бир катар диний жана коомдук ишмерлер, аксакалдар катышты. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызда “бөөдө кырсыктан, түрдүү балээден сактасын жана ооруга шыпаа берсин” деп кан чыгарып түлөө өткөрүү салты эзелтен бар экенин белгиледи.
Түлөөгө 2 бодо мал союлуп, эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилди. Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.
Ал эми өкмөт тарабынан түзүлгөн штабдын билдирүүсүндө, 9-мартка карата республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коронавирустун чыккан учуру катталган жок. Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен, медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөсүн улантып жатат.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү учурда Иранда турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу жагдай көзөмөлдө экенин айтты. Министрлик бул маселе чечүү үчүн өнөктөштөр менен байланышууда.
Diamond Princess саякат кемесиндеги Кыргыз Республикасынын жараны 9-мартта Бишкекке келди. Ал карантинге изоляцияга жаткырылды. Анын ден соолугу канааттандырарлык, коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн анализ алынды. Бул кыргызстандыктын колунда Япониядагы бейтапканадан берилген ден соолугу жакшы экенин күбөлөндүргөн сертификаты да бар.
Булак: "Майдан.kg" газетасы