Эгер эсиңиздерде болсо, былтыр, 8-мартта өздөрүн аялдардын укугун коргогон феминисттер деп аташкан гей, лесбиянкалар борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулушуп, “Мен төрөбөймүн”, “Чай куйбаймын”, “Кайненеге кызмат кылбаймын” деген ураандарды жазып алышып, Ак үйдү көздөй жүрүш жасашкан. Бирок алардын жолун “Кырк чоро” коомунун өкүлдөрү тосуп, аз жерден калайман мушташ чыгып кете жаздаган.
Ошол кыргыз элине Батыштан таңууланып, каада-салт, нарктуулугубузду жоготуп, эртеңки келечегибиз болгон жаштарды бузуку жолго түртүп жаткандар быйыл да 8-мартта “Аялдардын шериктештик маршы” деген атка жамынып алышып, шойкомдуу ишин кайталашты.
Бирок бул ирет алдын ала укук коргоо кызматкерлери мыйзамсыз иш чара катары тыюу салды. Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилип, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек экендиги аныкталды.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Тартип бузуу жөнүндө кодекстин “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренесинин негизинде ушундай чара көрүлдү.
Акция башталганда митингдин катышуучулары менен өзүнчө турган бир топтун ортосунда адегенде кайым айтышуу болуп, андан соң алар жулкулдаша кетишкен. Чыр ырбап кетпеши үчүн милиция коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам чара көрдү. Натыйжада чагымга жана чырга эки тараптан тең тиешеси бар болгондор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Эгер былтыр гей-парад жогорудагыдай ураандар менен өтсө, быйыл “Менин жатыным, өзүм билем...”,- деген жазуу менен кошо аялзатынын жан жеринин фотосун тартып алышкан. Бул аялдарды эркектердин зордук-зомбулугунун коргоо шылтоосу менен кыргыз элинин уят-сыйыты менен нарктуулугун жоготуп, биротоло маңкуртка айлантуу аракети эмеспи?...
Булак: "Майдан.kg" газетасы