Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктын ачылышы 9-майга туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта пресс-турдун жүрүшүндө белгилүү болду.
Парктын аянты 10 гектарга жакын. Ошондой эле унаа токтотуучу жай 120 унаага ылайыкташкан. Мындан тышкары паркта велосипед менен жүрүүчү жол дагы курулат. Ал эми парктын борборуна СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат.
«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бордюр орнотуп бүтүп, тротуар жана унаа токтотуучу жай үчүн жер даярдашты. Март айынын аягында отургучтар орнотулгандан кийин асфальт төшөлүп баштайт. Ч.Түлөбердиевдин эстелигинин астындагы пайдубал бекитилип, эки коомдук даараткананын дубалынын 90 пайызы тургузулду. Монументтин 80 пайызы даяр болду.
Мындан тышкары «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бак-дарактарга санитардык кыркуу иштерин жүргүзүп, авариялык жана куураган дарактарды кыйды.
Булак: Баракелде