Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун башчысы Өзбек ажы Чотонов аялдардын укуктарын коргоо арналган Бишкектеги бүгүнгү митингге кумсаларга каршы чыгуу үчүн келгенин Vesti.kg сайтына бөлүштү.

Анын айтымында «Элдик-Медиа» порталынын журналисттери ага Уркуя Салиеванын эстелигин жанында гей-парад өтүп жатканын айтышкан имиш.

- Мен кумсаларга каршымын, аялдар болсо канча кааласа кыйкыра беришсин, - деди ал. Чай куйбайм деген ханыша аялдардын кимге кереги бар? Биз аларга каршы турушубуз керек. Буга чейин биздин кыздарды бузушкан, эми эркектерди бузгулары келип жатат.

Чотонов бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдардын укуктары чын эле жакшырганына бөркүндөй ишенет. - Эркектердин укуктары бузулуп, алар милицияга кайрылган учурлар да болгон, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Булак: vesti.kg