Ош облусунун айрым айылдарында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 10-мартка караган түнү саат 03:07де катталды.
Жердин титиреши Өзгөн районунун Калта, Жыланды айылдарында 3 баллга, Шоро-Башат, Ничке-Сай айылдарында жана Өзгөн шаарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.
Булак: Элгезит