Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-март күнү жөө жүрүштө кармалгандарды колдоо максатында митинг өтөт. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-март күнү кечке жуук маалымат таратып, анда күтүлүп жаткан тынч митингдин катышуучуларына жана уюштуруучуларына каршы агрессивдүү чакырыктар болуп жатканын кабарлады.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматери Айзада Кубатованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча жарандардын чагымга алдырбоосу зарыл.

“Биз жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, ал эми митингдин уюштуруучуларын мыйзамдарды сактап, шаардын күнүмдүк жашоосуна аралашпоого үндөйбүз. Милиция өз кызматын өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздай турганын да эскертебиз”, — Айзада Кубатова.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак жана беткап кийген белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Бул окуяны жарандык активисттер, укук коргоочулар сындап чыгышты. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы милиция кагылыштын алдын алды деп билдирди.

Булак: Элгезит