Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар Кыргызстан менен Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги боюнча кызматташуу маселелерине, эки тараптын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.

Мындан тышкары валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашылып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер талкууланды.

«Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти», - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Булак: Баракелде