Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы чыкты. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 9-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан ресторандын 140 чарчы метр шыбы өрттөндү. Алдын ала маалымат боюнча, адамдар жаракат алган жок. Азырынча өрттүн себеби белгисиз.
Ошондой эле белгисиз себеп менен Октябрь районунда «Субару Форeстер» үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти. Өрттүн себеби такталып жатат.
Булак: Баракелде