Бул тууралуу ушул тапта Ирандан мекенине кайтып келе албай жаткан кыргызстандык айдоочу Нурлан Сайпидинов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, кайтып келе албай турган айдоочулар күн сайын 45 тумандан айып пул төлөөгө милдеттүү:

"Визанын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу биз ар бир өтүп кеткен күн үчүн 45 миң тумандан төлөйт экенбиз. Элчиликтин кызматкерлери келип, "мейманканага барып түнөгүлө" деп кеңеш берди, бирок ал да оңой эмес акча. Ошондуктан, машинеде түнөөгө туура келип жатат. Тамак-аштан да кыйналып жатабыз".

Айдоочунун айтуусунда, Ирандагы Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн келген айдоочуларды чыгарып кетишкен. Өткөн айдан бери чек арада кармалып турган айдоочулардан Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин өкүлдөрү марттын башында кабар алышкан.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Түркмөнстандын чек арасында 76 айдоочу карантинде кармалып турганын билдирди. Алар Иранда коронавирус тез жайылып, Түркмөнстан бул өлкө менен чек арасын жапканга байланыштуу артка кайта албай калган. Министрлик айдоочуларды Кыргызстанга алып келүү үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Булак: Азаттык