Баткен районунун Көк-Таш айылындагы үйлөрдүн документтери толугу менен даярдалды. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүАлишер Абдрахманов билдирди. 

Ал ошондой эле турак жайларды документтештирүүдө төлөнүүчү сумма, чек аралаш аймактын жашоочулары үчүн 30 пайызга жеңилдетилгендигин дагы кошумчалады.
- Турак жайына документ алууну каалаган жарандар жеңилдетилген сумманы гана төлөө менен жер тилкелерине болгон жеке менчик
мамлекеттик актысын алса болот,- деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.
Белгилей кетчү жагдай: Көк-Таш айылында 452 турак жай катталган. Буга дейре жашоочулардын он пайызы гана турак жайларын документтештирип, кызыл китебин колдоруна алышкан экен. 

Булак: "Майдан.kg"  газетасы