Алар өлкө жетекчилигинен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранып жатышат.

Айдоочулар белгилегендей, унааларында күйүүчү май түгөнүп, тамак-аш да калбай калган. Ал жердеги дүкөндөр жабык. Ал эми Кыргызстандын Ирандагы консулу күтүп туруу экенин айткан.

«Бизди чыгарып кетүүңүздөрдү суранабыз», - дешти айдоочулар.Кыргызстандын өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учурда Иранда жүргөн кыргызстандык айдоочулар боюнча Тышкы иштер министрлиги Түркмөнстандын, Азербайжандын жана Россиянын дипломатиялык миссияларынын жетекчилерине жарандар Кыргыз Республикасына транзит менен өтүүсү үчүн нота тапшырылды. Буга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматына чет өлкөгө чыгуучу паспортторду берүү процедурасын тездетүү жана бул кызмат көрсөтүүнүн акысын төмөндөтүү тапшырылды.

Кечээ, 6-мартта АКИпресс агенттигиндеги маалымат жыйында транспорт жана логистика комитетинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек чет өлкөлөрдөн жүк ташуу менен алектенген кыргызстандык айдоочулар Ирандын аймагынан чыга албай калышканын билдирген болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, 76 автоунаа, Кыргызстандын жарандарынан 76 айдоочу Түркмөнстан чек арасын жапкан 18-февралдан тарта Ирандын аймагында. Бул сандар улам жаңыланып, тактоо иштери улантылып жатат.

Анын айтымында, учурда айдоочуларда азык-түлүк жана акча каражатына болгон муктаждык жогору. Ал эми коронавируска байланыштуу Ирандагы чектөөлөрдөн кийин банк аркылуу да акча которуу мүмкүн болбой жатат. Айдоочулардын айрымдары чек аралардагы пункттарда, айрымдары Ирандын ичиндеги пункттарда токтоп калышкан. Алар унааларын таштап да кете алышпайт.

«Учурда ал айдоочулар менен түз байланыш мүмкүн болбой жатат. WhatsApp тайпалар аркылуу гана байланышып жатабыз. Ирандын ичиндеги карантин, чектөөлөргө байланыштуу Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү да алар менен түзмө-түз жолугуша албай жатат.

Иран менен коңшулаш, чектеш өлкөлөр аркылуу коридор алып, жарандарыбызды чыгарып кетүү керек. Алар биздин жарандар.

Экономикалык жактан карай турган болсок, айдоочулар 18-февралдан тарта чыга албай калышты, жүктөрү бар. Бул жактагы ишкерлер — жүктүн ээлери да зыян тартып жатышат. Маселени Түркмөнстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып жатабыз», - деген Т.Маткерим уулу.

Анын маалыматы боюнча, азырынча айдоочулар ден соолугуна байланыштуу маселе жаралганы тууралуу маалыматтар жок. Иран тарап мүмкүн болгон шарттарды түзүшкөн. Мисалы, пункттарда, бекеттерде жуунучу жайлар, тамак-аш бар. Медициналык текшерүү да болуп жатат. Бирок айрым айдоочулар пункттарга жетпей орто жолдо, айрымдары чек арада кезек күтүп турган жерден токтоп калышкан.

Учурда кыргызстандык айдоочуларга транзиттик жол табуу үчүн Ирандагы элчилик, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен чектешкен өлкөлөрдүн тиешелүү өкүлчүлүктөрү менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бир жүк ташуучу унаада 70 миң доллардан тарта 150 миң долларга чейинки жүктөр болот. Ирандагы кыргызстандык айдоочулар помидор, алма, кийим-кече, кездеме жана турмуш-тиричиликке керектүү товарларды, буюмдарды жүктөшкөн. Учурда азык-түлүктөр, жер-жемиштер түшүрүлүп, бузулбай турган буюмдар гана калды.

Акыркы маалыматтарга караганда, Иранда коронавирус жуктурган 124 адам каза болду.

Булак: Баракелде