Президент Сооронбай Жээнбеков 8-март — Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө бар Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчысы жазуучунун жубайы Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.
«Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып, жазуучунун уулу Элдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон "Манас" жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде