Өгөй атасы бир нече жолу бычак сайган 9 жаштагы бала өзүнө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Өз алдынча дем алып жатат. Бирок анын абалы оор», - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 6-мартта саат 12:00 чамасында Бишкек шаарындагы 5-кичи райондогу батирлердин биринде жашаган жубайлардын ортосунда уруш чыгып, кожоюн аялын бычактап салган. Андан кийин бычак менен 9 жаштагы өгөй баласын алдына 3, артына 2 жолу сайган. Кылмыштан кийин ал жуунучу бөлмөгө кирип, асынып алган.

Жабыркаган бала кошуналарына чейин жетип, алар милиция кызматкерлери менен тез жардам кызматын чакырышкан.

Кийинчерээк маалым болгондой, өгөй баласы менен аялын бычактаган жаран буга чейин Октябрь райондук сотунда эмгектенген. Ал окуя болгон күнү мас абалда экени маалымдалды.

Булак: Баракелде