Алар чек арадан жалпы жарандык паспортун көрсөтпөй ID-карт менен өткөнгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жалбиев билдирди.
«Алар акыркы 30 күндүн ичинде коронавирус көп катталган өлкөлөрдө болушкан. Жалпы жарандык паспортто өзгөчө белгилери деген барак бар. Анда кайсы өлкөгө барышса, кирип чыкканын тастыктаган белгилер коюлат. Алар чек арадагы кошумча текшерүүлөрдөн качып, ID-карт менен өткөнгө аракет кылышкан», - деп билдирди Жалбиев.
Кыргызстан өпкөнү сезгенткен коронавирус эң көп катталган Кытайдын, Түштүк Кореянын, Ирандын, Италиянын жана Жапониянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизген.
Бул мамлекеттерде акыркы 30 күндө болуп келген кыргызстандыктардын ден соолугу текшерилип, карантинге алынат.
Андан тышкары жарандарга Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салынган. Жалпы жарандык паспорту жоктор ID-карт менен өтө алышат. Бирок чек арадан жалпы жарандык паспорту бар-жогу текшерилет.
Булак: Азаттык