Мындай чечиди сот 6-мартта чечим чыгарганын юрист Эрик Ирискулбеков билдирди:
«Коронавирус коркунучу бар деген негизде ушундай чечим чыкты. Массалык иш-чараларду уюштуруу кооптуу экени айтылды».
Ирискулбековдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Бишкектин Жал районунун жашоочулары 5-мартта курулуш компаниялардын биринин ишмердигине каршы нааразылык акция өткөрүү үчүн мэрияга, Ленин райондук администрациясына, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине арыз берген.
Мындай кайрылуунун негизинде Ленин райондук бийлиги сотко кайрылган.
5-мартта Биринчи Май райондук соту да митингдерди 1-июлга чейин өткөрүүгө тыюу салган. Муну менен 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте өтөрү болжолдонуп жаткан «Аялдардын шериктештик маршы» да өтпөй турган болду.
Булак: Азаттык