Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.
5-мартта штаб алгачкы жыйынга чогулуп, аткаруучу милдеттерин жана каралуучу маселелерди бекитти. Мындан тышкары экономикалык абалды тескөө, жергиликтүү өндүрүштү колдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тиешелүү органдарга тапшырылды.
Штаб 3-марттагы Коопсуздук кеңешинин сунушу менен түзүлдү. Штабга өкмөттүн дээрлик толук курамы, фискалдык органдар, өкмөттүн бардык облустардагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери мүчө болуп кирген.
Коронавирус оорусу күч алганына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабылган. Адистер бул экономикалык жактан терс таасирин тийгизерин белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Бул штабды вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектейт.
Булак: Элгезит