Алдын ала соттук угуулар жабык отурумда өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канатбек Осмоналиев, Ноорузбек Капарбек уулуна карата козголгон кылмыш иш каралып жатат. Бул кылмыш иштер сотко 2020-жылдын 26-февралында түшүп, судья М.Р.Сыдыковдун кароосуна берилген.

Соттун 27-февралындагы токтомуна ылайык алдын ала соттук угуу 3-мартта саат 16:00гө белгиленген. Соттук угууда жактоочулар тарабынан бир нече өтүнүч келтирген. Жумуш убактысы бүткөнүнө байланыштуу 4-март саат 10:00гө чейин тыныгуу жарыяланган. Кечээ, 4-мартта да 5-мартка чейин тыгынуу жарыяланган болчу. Алдын ала соттук угуулар судья тарабынан жабык отурумда каралат.

Буга чейин Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов: «Процесстин ачык өткөнүнө каршы эмеспиз. Бүгүн алдын ала угуу гана өтүп жатат, ошондуктан жабык режимде каралат», - деп билдирген.

Булак: Баракелде