Япониядагы «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргызстандык жарандан кайрадан коронавирус боюнча анализ алынган. Тесттин жыйынтыгы вирус жок экенин көрсөткөнүн Кыргызстандын аймагында коронавирусту алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 2-марттагы жыйынында белгилүү болгон.

Республикалык штаб Кыргыз Республикасынын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөнү үчүн Японияга ыраазычылык билдирди.

«2020-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын жараны — «Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган.

Биздин жаранды коронавирус инфекциясына карата акыркы жолу текшерүүнүн жыйынтыгы анын ооруга кабылбаганын көрсөттү. Кыргызстандык жаран ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт.

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Баракелде