Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-мартта митингдин соңунда аялдардын тобу Ак үйгө барып, парламент кызматкерлерине асылган иш боюнча Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык баш-аламандык") менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 4-март күнү бул фактыда айтылгандай, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана башка жарандарга кол салган аялдын аты-жөнү аныкталды. 47 жаштагы Ч.Н. аттуу жаран 4-мартта Бишкек ШИИББге жеткирилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөдө жыйналган маалыматтарга жараша берене алмашуусу ыктымал.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды. Анын алкагында милиция буга чейин төрт жаранды камакка алган.

Булак: Азаттык