Бул үчүн түздөнтүз митингдин уюштуруучулары жоопберет. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге билдирди.
“Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тийешелүү чараларды көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды, “Ак үйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз” деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты”,- деди Сеитов.
Ал митингичилерди кууп таркатуу учурунда кармалгандардын так саны, митингичилер менен милиция кызматкерлеринен жаракат алгандар, тараптардын бири-бирине таш ыргытуулары тууралуу так маалымат берген жок.
2-мартта тынч митингди өткөрүүгө саат 13:00дөн 17:00гө чейин гана уруксат берилген. ИИМдин билдирүүсүндө, бул митингге 800 чамалуу киши катышты. Ал эми байкоочулар жана митингдин катышуучулары аянтка 3 миңден 5 миңге чейин киши чогулганын айтышууда.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын кїч менен таркатып, айрымдарын кармады.
Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу.  Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. 3-март күнү кечке маал УКМК митингдин уюштуруучулары Сабыр Жапаров, Каныбек Осмоналиев жана башкалар кармалганын, алар суракка алынып жатышкандыгын билдирген.

Булак: "Майдан.kg" газетасы