Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык кєзємєл департаментинин Бишкек шаардык борбору “Ош” жана “Аламүдүн” базарларындагы бир катар павильондорду, соода түйүндөрүн, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын аймагын, №5 мончосун коронавируска каршы дезинфекциядан өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Мындан сырткары “Дордой транс” жана “Совет бригада” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.

Аталган борбордун адистери Бишкектеги “Айчүрөк”, “Автордук мектеп”, “Рефал” жана №71 мектептин окуучулары менен, Ленин районундагы мечиттердин имамдары жана “Имам Сарахсий” медресесинин тарбиялануучулары менен вирустардын алдын алуу боюнча баарлашууларды уюштурушту. Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 90 миңдей адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. Үч миңдей адам каза болду, 44 миўдейи айыгып чыкты.
Кудай жалгап, вирустун очогу болгон Кытай менен кошуна жашасак да бизге бул илдет жуккан жок. Бир гана Жапониядагы саякат кемесиндеги жараныбыз алгач шектелип, кечээ анализдери таза чыкты.  Ал азыр ошол өлкөдө карантинде. Өкмөт да жумасына 2-3 үч ирет чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү жетекчилерден кырдаал тууралуу маалымат алып турат.
Анткен менен КР Саламаттык сактоо министри элге той-топур, жума намаз сыяктуу иш чараларды токтото турууну суранууда.

Булак: "Майдан.kg" газетасы