Кечээ, 3-мартта саат 17:31 чамасында Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка 24 чакырымда, Бор-Дөбө айылынан чыгышка 25 чакырымда, Нура айылынан түштүк-батышка 29 чакырымда жайгашты. Ал эми жер титирөөнүн күчү Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Нура айылдарында 3 баллга жетти.
Булак: Баракелде