Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта коомдук ишмер Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
«Бул дүйнөгө адам сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок жаралган. Сөз, техника жана башка нерсенин баары турмуштун муктаждыгынан пайда болгон. Бул эволюция болуп саналат же болбосо суу, таш, доору же азыркы техника доору. Ал эми 21-кылымда адамзаттын гени жетилди. Адамдын гени жетилгендиктен адам кудайга айланышы керек. Мен жаратылыш күчтөрү менен башкарам. Ал эми кыргыз ааламдан келген өкүл», - деди ал.
Мындан сырткары ал Кыргызстанга коронавирус келбей турганын айтып өттү.
«Кытайга вирусту мен жөнөттүм. Бирок Кыргызстанга коронавирус келбейт. Мындай көрүнүштөр 2070-жылга чейин уланат. Вирус менен техникага байланып калгандар, дин менен жүргөндөр ооруйт. Мисалы, сектанттар. Үчүнчүдөн эмоционалдуу адамдар. Тактап айтканда, 15 жашка чейинки балдар коронавирус менен эмне себептен оорубайт? Себеби алар эмоциясы жок жашайт», -деди ал.
Булак: Баракелде