Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, уюштуруучулар менен митинг өткөндөн кийин тынч тарап кетүүгө макулдашылган.

«Бирок алар өздөрүнүн иш-аракети менен милицияны күч колдонууга мажбурлашты. Бардык шаардык кызматтар штаттык режимде иштеп, өз милдеттерин аткарып жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Бишкек мэриясы өз укугун колдонуп, «Ала-Тоо» аянтындагы акыркы окуялар, ошондой эле коронавирус эпидемиясына байланыштуу шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сотко кайрылууга мажбур экени белгиленди.

Кечээ, 2-мартта борбордук аянтта мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, аны камактан бошотууну талап кылышты. Митингчилерди милиция кызматкерлери, атайын багыттагы аскер кызматкерлери кууп таратышты. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, А.Артыков жана башкалар УКМКга жеткирилди.

Булак: Баракелде