Бул тууралуу "Казинформ" маалымат агенттиги Казакстандын президентинин Twitter'деги баракчасына шилтеме келтирип жазат.
"Аялдардын эл аралык күнүнө карата Нур-Султан (Астана) шаарында өтө турган салтанаттуу жыйын жана концертти өткөрбөө чечимин кабыл алдым. Ал дүйнөдөгү коронавирустун жайылышы менен байланыштуу болуп, коопсуздук максатында жасалууда. Кымбаттуу аялзатына бакыт-таалай, ден соолук каалайм", - деп Казакстан президентинин Twitter'деги баракчасында.
Булак: Кабар