Бул тууралуу «Sputnik Кыргызстан» сайты жазды.

Жаш жигиттин агенттикке билдиргенине караганда, анда оорунун эч кандай белгилери жок, бирок үчүнчү тест анда вирус бар экенин көрсөттү. Учурда ал Токиодогу борбордук госпиталда.

«Бүгүн кайра тест алышты, жакшы болот деген үмүттөмүн. Бардыгы 3 тест алышат экен — эгер баарында вирус жок деп чыкса, кое беришет. Өзүмдү адаттагыдай эле сезип жатам, өзгөчөлөнгөн эч нерсе жок», -дейт кыргыз жараны. Айтымында, андан коронавирустун белгилери табылганы тууралуу кабарды токтоо кабыл алган.

«Дарыгерлер баары жакшы болот, бирок үйгө баргандан көрө бул жакта калганың оң деп жатышат. Жөтөлүп, дене табым көтөрүлгөн жок. Ар нерсе оюңа келет экен, мисалы, азыр соцтармактарда болбогон нерсенин баарын жазып башташат го деген сымал. Элдер бизди зомби болуп калгандай ойлоп жатышат… Бирок мен ооруган адамдын көрүнүшү кандай болоорун да билбейм. Жеке өзүмдү айтсам, эригип жатам. Кыларга иш жок. Кыргызстандын элчилиги берип жиберген китептерди окуп бүткөм», — деген мекендешибиз Sputnik Кыргызстандын журналистине.

Ал ошондой эле, коронавируска тапшырган тести жакшы чыкса да, мекенине жакын арада келбей турганын билдирди.

Булак: Элгезит