«Кайнар айылынан (Кыргызстан менен чектешкен чек арадан болжол менен 20 км алыста) агып өткөн Чу дарыясынан алынган сууга пландан тышкары текшерүү ишин «Казгидрометтин» Жамбыл облусу боюнча бөлүмү жүргүздү. Визуалдуу текшерүүдө Чу дарыясындагы суунун өңү табигый, ашыкча жыт жок жана башка шектүү учурлар болгон жок», - деп айтылат билдирүүдө.

Физикалык-химиялык анализдин жыйынтыгы 2-мартта жарыяланат.

Буга чейин күбө болгон жарандар Дордой конушу тараптан тартылган видеону таратышкан. Анда суу жашыл өңдө экени көрүнүп турат. Ал эми Бишкектин мэриясы дароо эле бул жалган — фейк маалымат экенин айтып чыккан. Бирок адистер бул маалыматты жокко чыгарды. Экотехинспекция менен ӨКМ суу текшерүүгө алынганын, анализ даярдалып жатканын билдирген.


Булак: Баракелде