«Diamond Princess» круиздик кемесинде коронавирус аныкталган кыргызстандык жаран өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта АКИpress агенттигине ыкчам штабдан билдиришти.
«Абалы жакшы, ал дарыланып жатат», - деп айтылды штабдан.
Япониядагы коронавирус катталган круиздик кемеде кыргызстандык жаран дагы болгон. Кыргызстандык жарандын бөлмөсүндөгү кошунасы коронавирус жуктурган. Ошого байланыштуу ал карантинге алынган.
Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталганын 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында билдирген.
Анын айтымында, 26-февралда кечинде кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталган.
«Жалпылап айтканда анын абалы жакшы. Дене табы жогорулап, дем алууда кыйналып, жөтөлгөн жок. Япониялык медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат», - деген ал.
«Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык жаран жүргүнчү эмес, экипаждын мүчөсү экенин АКИpress агенттигине Кыргызстандын Япониядагы элчилигинен билдиришкен.
Булак: Баракелде