Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жума намазга барган элдин санын кыскартуу сунушу боюнча комментарий берди. «Жума намаз өткөрүүгө тыюу салбаш керек, бул туура эмес. Шариат боюнча мечитке барууга тыюу салганга болбойт. Жума — мусулмандар күткөн күн. Биз адамдарга намазга келүүгө тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечитте жамаат менен окулат.

Ислам вирусту алдын алууга каршы эмес. Эгер ар бир жаран өзүнө кам көрсө, анда бизге да, мамлекетке да жакшы болот. Бирок жума намазда коронавирус жуктуруп алуу мүмкүн деп намазга барууга тыюу салбаш керек» - деп айтылат Муфтияттын маалыматында.

Ошондой эле Муфтият алар кат албаганын билдиришти. Ал эми Бишкектеги православдар чиркөөсүнөн эч кандай көрсөтмө же кат алышпаганын маалымдашты.

Аталган сунуш тууралуу бүгүн, 28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги маалымат жыйында билдирген.

Ошондой эле тойлор менен ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралардын санын кыскартуу сунуштары берилген. Чолпонбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү менен жолугуп, варианттар карала турганын айтты.

«Биз таптакыр тыюу салынсын деп айтпайбыз. Болгону адамдардын санын чектөө керек. Намазды үйдөн окуса болот деп ойлойм», - деди ал.

Маалымат жыйынга чогулгандар жума намаз мечиттен окуларын айтып, нааразы болушту.

«Биз варианттарды караштырып жатабыз», - деди министр.

Булак: Баракелде