«Бирок бул маселе чечилет. Учурда 160 ооруканада 188 миң беткап бар. Мындан сырткары, тийиштүү кийимдер да бар. Ал эми рынокто 170 миң беткап бар. Буга чейин беткап Кытайдан, Казакстандан алынып келчү. Азыр алар экспортту токтотуп койду. Бул маселе 1-2 жумада чечилет» — деди Чолпонбаев.

Эске салсак, 30- январда, тагыраак айтканда, туура бир ай мурда Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы күндөрү өлкөгө жарым миллион медициналык беткап алып келине турганын билдирген болчу. Бирок беткап маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле электиги белгилүү болду.

Ошондой эле министрлик Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынан улам Кыргызстандагы дарыкана жана фармацевтикалык компанияларды бир адамга 20 беткаптан ашык сатпоого чакырган.

Булак: Маралфм