Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев бүгүн, 28-февралда АКИpress агенттигине акыркы 10 күндө коронавирус боюнча кырдаал туруктуу эмес өлкөлөрдөн Кыргызстанга канча жаран келгенин айтып берди.
Шаршеевдин маалыматы боюнча, Түштүк Кореядан 152, Ирандан 51, Италиядан 65 жана Япониядан 28 адам келди. Ошондой эле 28-январдан тарта Кытайдан Кыргызстанга 415 жаран келгенин кошумчалады.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүн, 28-февралга карата Кыргызстанда 218 адам карантинде жатат. Ошондой эле өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар катталган жок.
Булак: Баракелде