Бул тууралуу маалымат Кыргызстанда бүгүн, 28-февралда өтүп жаткан маалымат жыйында гана айтылды.
Бишкектеги бүгүнкү маалымат жыйында «Эмне үчүн кыргызстандык жарандан коронавирус табылганы тууралуу маалымат кечээ айтылган жок?» деген суроого тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдырахманов: «Вирус табылганы 26-февралда кеч кирип калганда аныкталган. Япония тарап бизге билдирди… Ошондо иш күнү кечээ башталды. Андан кийин биз ал жарандын кийинки тагдыры тууралуу маселени карап баштадык. Япония тарап ал толугу менен айыкмайынча чыгарбай турганын айтышты», - деп жооп берди.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүнкү маалымат жыйында билдирген маалыматы боюнча, учурда коронавирустун 3 формасы бар экени аныкталган. Бул дартты жуктургандардын 80 пайызы жеңил түрү менен, 13-14 пайыздайы оор түрү менен, 4-7,7 пайызы өтө оор түрү менен катталган.
Булак: Баракелде