Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу жыйын өтүп жатат. Жыйында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берип жатышат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эл көп топтолгон жерлерге барбоону сунуштады.

«Кыргызда жакшы сөз бар, "сактанганды кудай сактайт" деген. Февраль, март курч респиратордук инвекциянын сезону. Жаз келгенде адамдын иммунитети төмөндөйт, ошондуктан колдон келсе эл көп топтолгон нерселерди азайталы деп сунуштап жатабыз. Бул вирус бар, анан сактангыла дегенди түшүндүрбөйт. Бүгүнкү күндө вирус катталган жок, бирок биз бардык нерсеге даяр болушубуз керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги элдин саламаттыгын коргоо үчүн алдын алуу иштерин жасашыбыз керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус такталган жок», - деди министр.


Булак: Баракелде