Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 26-февралда кечинде кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталды, ал ооруканалардын биринде дарыланып жатат.
«Жалпылап айтканда анын абалы жакшы. Дене табы жогорулап, дем алууда кыйналып, жөтөлгөн жок. Япониялык медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат», - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин билдирген маалыматы боюнча, учурда коронавирустун 3 формасы бар экени аныкталган. Бул дартты жуктургандардын 80 пайызы жеңил түрү менен, 13-14 пайыздайы оор түрү менен, 4-7,7 пайызы өтө оор түрү менен катталган.
«Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык жаран жүргүнчү эмес, экипаждын мүчөсү экенин АКИpress агенттигине Кыргызстандын Япониядагы элчилигинен билдиришкен.
«Кемедеги 14 күндүк карантин 19-февралда аягына чыкты. Алгачкылардан болуп улуу курактагы аял киши чыккан. Кемеден чыккандарда коронавирустун белгилери табылган эмес жана негизинен улгайган адамдар. Биздин жаран экипаждын мүчөсү. Борттогу адамдарды 21-февралга чейин чыгаруу пландалып жатат», - деп айтылган маалыматта.
Кыргызстандын өкмөтү менен Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандын жараны коронавирус жуктурду деп шектелип жатканын билдирген болчу.
«Япониянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны дагы инфекцияны жуктурушу ыктымал деген маалымат биздин мекендешибиз менен кеменин бир бөлмөсүндө чогуу болгон жарандан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу чыгышы мүмкүн», - деп айтылган өкмөттүн 18-февралдагы билдирүүсүндө.
Булак: Баракелде