Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановдун («Sydyman») баш коргоо чарасын өзгөрттү. Ал үй камагына чыгарылды.
Элмир бул окуяга өкүнүп жатанын айтып, кечирим сурады.
Сыдыманов 17-февралда Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айыпталып жатат.
Октябрь райондук сотунун чечими менен Элмир Сыдыманов №1 убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган. Андан кийин жактоочусу апелляциялык арыз жазган болчу.
Булак: Баракелде