Профессорлук наам акынга 27-февралда аталган окуу жайынын жетекчилиги тапшырылды. Кечээ Арабаев атындагы университетте Шайлообек Дүйшеев студенттер менен жолугушуп, өзү тууралуу айтып, ырларынан окуп берди. Студенттер акындын чыгармаларынан даярдашкан концертин тартуулашты.

Шайлообек Дүйшеев - кыргыз эл акыны. 15тен ашуун китеби жарык көргөн. Анын ичинде автобиографиялык «Агындылар» китеби бар. Жакында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акындын чыгармаларынын үч томдугун чыгарып берүүгө убада берген. Ал эми кыргыз өкмөтү котормолорун китеп кылып чыгарууну сунуш кылган. 

Булак: Азаттык