Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинен билдиришти.

Кыргызстандын компетенттик мамлекеттик органдары комплекстик иш-чараларды жүргүзүүдө. Өкмөттүн тапшырмасы менен тиешелүү компетенттик органдардан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

«Жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн алкагында Сириядагы Кыргызстандын жарандары жана ал жердеги абак, лагерлердеги абал боюнча маалымат топтоо, талдоо боюнча иш-чаралар улантылып жатат. Акыркы учурларда Сириянын аймагында террористтик топтордун катышуусунда аскердик иш-аракеттер күчөп, Сириядагы абалды курчутууда. Бул аймактагы оор абалдан улам Кыргызстандын жарандарын Сириядан кайтарууга мүмкүн болбой жатат. Кыргыз Республикасынын компетенттик органдары тарабынан бул маселе боюнча мамлекеттик өнөктөштөр, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуу жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде