Бул тууралуу жабырлануучунун көрсөтмөсүнө таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 25-февралда жүз берген. Жергиликтүү кеңештин отурумунун күн тартибине 6 маселе коюлган. Анын ичинде Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметовдун 2019-жыл боюнча отчету каралышы керек эле.

«Табылга»  фракциясынан депутат Азамат Айтбаев мэрди колдоп, отчетту кабыл алууну сунуштаган. Жыйынтыгында, 19 депутат колдоп, отчет кабыл алынган.

Көп өтпөй, Айтбаевди кесиптеши — КСДП фракциясынын лидери Тууганбек Чолпонбаев өз кабинетине чакырган.

«Ал эшикти жаап туруп, күтүүсүз жерден мени сабай баштады: колу менен кулакка чаап, ичке муштап, жакалап, муунта баштады. Ошол эле маалда сөгүнүп жатты. Ага менин мэрди колдогонум, өз оюмду айтканым жакпай калыптыр», — дейт Айтбаев .

Айтбаевдин билдирүүсүнө караганда, Чолпонбаев окуядан кийин эшикти ачып, аны чыгарып жиберген. Чоң залга чыккандан кийин, ачуулукка алдырганын айтып, кечирим сураган. Ага карабай Айтбаев укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

Учурда 321-берене (Бийликтен аша чабуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш Чолпонбаев карата ачылган.

Ошондой эле Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаевге карата Жазык кодексинин дагы бир беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткандыгын УКМК билдирди.

Ведомство билдиргендей, 215-берененин (Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу) негизинде териштирүү баштоого Чолпонбаев негизги уюштуруучулардын бири болгон жеке компания ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качканы себеп болгон.

Белгилей кетсек, Каракол шаардык кеңешинде «Табылга», КСДП, «Кыргызстан», «Республика — Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары жалпысынан 37 мандатка ээ. Көпчүлүк мандат «Табылга» (12), КСДП (6) партияларына таандык.

Каракол шаардык кеңешине келерки шайлоо 12-апрелде өтөт.

Булак: Элгезит