Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратына оозу тигилген адам барды. Бул тууралуу Telegram'дагы Baza каналы жазып чыкты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, окуя кечээ, 26-февралда кечинде болгон. 30 жаштагы Жаныбек оозун тигип, митингге жалгыз чыгууну чечкен. Бирок колунда көтөргөн плакаты болгон эмес.

«Большая Ордынка көчөсүндөгү имаратка полиция жана тез жардам кызматы чакырылды. Эркек адамды имараттын ичине алып кирип, жардам көрсөтүштү», - деп айтылат маалыматта.


Булак: Баракелде